Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча маалымат берди. Буга чейин 12-декабрда Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурум Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылган.
УКМКнын маалымат кызматынын айтымында, Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы канааттандырарлык.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун отуруму 17-декабрга жылдырылган.