Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө айыптоочу тараптын корутундусуна ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен достук мамиледе болгон деген негиз чындыкка дал келбей турганын айтты.
"Айбек Калиевди менин кишим катары көрсөтүшкөн. Ошондуктан мамлекеттик айыптоочулар "Айбек Калиев Исаков тарабынан кылмышты ишке ашырууга катышкан. Исаков өзүнүн ЖЭБге байланыштуу кызыкчылыгын жана пландарын Калиев аркылуу ишке ашырып турган" деген корутунду чыгарган.
Айбек Калиев ЖЭБге байланыштуу бардык жыйналыштарга катышыптыр. Мындан тышкары, аны менен ЦАРИде чогуу иштептирбиз, бирок ал кезде биз жакындан тааныш эмес элек. Жумуштан көрүп калганда учурашып калчубуз. Аны менен 2010-жылы ээлеген кызматтын алкагында таанышкам. Ал учурда Калиев мага иш-кагаздар боюнча кирип калчу. Бирок ортобузда эч качан достук мамиле болгон эмес. Кыргыз өлкөсү кичинекей өлкө. Бири-бирин сурап келгенде тууган болуп чыгат. Айбек Калиев менен кесиптик, ишмердик мамиледе болгонбуз. Ал менден бир топ кичүү, мага ини болуп калат. Мен эмнеге экөөбүзгө ушундай аныктама берди деп көп ойлонгом. Андан кийин эсиме түштү. Парламентте ЖЭБде авария болгондо мен Калиевди жактагам. Анын отставкасын кабыл албай, иштеш керек экендигин айткам. Ошол маалда Калиев менин жакын досум катары кабыл алынып калган окшойт. Иликтөөдө маалым болгондой, Калиев ал кезде газ түтүктөрүн киргизүү боюнча иштеген. Муну Жантөрө Сатыбалдиев тастыктады. Ал эми ЖЭБ боюнча жыйналыштарга Мамыров катышып турган. Эгерде Калиев экөөбуздүн ортобузда жең ичинен сүйлөшүү болсо, анда мен энергетика министринен Калиевдин келишин суранмакмын", - деди ал.
Сапар Исаков "көңүлгө катуу тийип жатат" деп кошумчалады.