Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка айыпталып жаткан "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу шаардык сотко байланышканыбызда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, чечим кечээ, 6-августта чыккан.
Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан ушул жылдын 19-апрелинде Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун пайдасына Калиев, Кыдырбаев жана Бримкулов 3 миллион 808 миң 702 сом материалдык чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсына жогоруда аты аталгандар биригип 1 миллион 376 миң 682 сом төлөөгө милдеттендирилди.
"Кыдырбаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулду. Ал эми Айбек Калиев менен Темирлан Бримкуловго карата Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган эки жарым жылга эркинен ажыратуу чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Жактоочулардын жана айыпталуучу Калиевдин апелляциялык арызы канааттандырылган жок", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Калиев, Кыдырбаев жана Бримкулов менен кошо айыпталып жаткан дагы 4 соттолуучуну сот залынан бошоткон.