Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү башталды. Буга чейин, 27-ноябрда мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришкен. Отурумда жарыш сөз кезеги "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Назаровдун жактоочусу жарыш сөзгө чыкты. Анда ал тергөө Жолдошбек Назаровду мамлекеттик кызматтагы адамы катары соттоп жатканын айтты.
"Назаров иштеген ишкана жеке ишкана болгондуктан, аны "коррупция" беренеси менен айыптоо мыйзамга туура келбейт. Бул берене менен мамлекеттик кызматта отурган адамдар өтүшү керек. Менин жакталуучум жеке ишкананын кызматкери катары гана, өз милдеттерин аткарган" , - деди жактоочу Теишова.
Ал эми Назаров өз сөзүндө Бишкек ЖЭБинин шаймандары 30 жылдан бери тынымсыз иштеп, жаңыланууга тийиш болгонун айтты. Бул шаймандардын нормалдуу иштешин камсыз кылууга эле бир топ каражат кетип турганын белгиледи.