Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.
Кечээ сот отурумунда прокурорлор тарабынан айыпталуучуларга тагылган айыптар угузулду.
Мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова аларга тагылган айыптоолорго макул эместигин билдиришти.
Айыпталуучуларга сөз берилген соң жактоочулар алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиришти.
Судья кеңешме бөлмөсүнө барып келгенден кийин бул өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды. Ишти карап жаткан судья айыпталуучулар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкуловду 12-июнга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Ал эми мурунку каржы министри Ольга Лаврова өлкөдөн чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилген.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.
Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.