Депутат Осмонбек Артыкбаевге дале операция жасала элек. Анын жактоочусу Айжан Орозакунова SUPER.KG порталына билдиргендей, учурда операцияга даярдыктар көрүлүп коронарографиядан (жүрөгүн рентген аркылуу текшерүү) өтүп жатат. Орозакунова Артыкбаевдин палатасына 12-июлда кирген боюнча кирбегенин айтты.
10-июлда депутат Улуттук кардиология борборунда бир жумадан бери жатканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү анын жактоочусу Артыкбаевге операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын билдирген.
Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.