Айтылуу Тангем 14 жылдык тыныгуудан кийин экранга кайтты

48 жаштагы түштүк кореялык актриса Ли Ён Э 14 жылдык тыныгуудан кийин экранга кайтты. Ал "Мени тап" ("Найди меня") деген триллерге тартылып, тасма жакында сатыкка чыкты. Тасмада Ли Ён Э акыл-эси кеч өөрчүгөн баласын жоготуп алган эненин ролун жараткан. 6 жылдан кийин ага баласы жашайт деген айыл тууралуу маалымат келип, ошол жакка жол тартат.

Актрисалык карьерасындагы тыныгуу тууралуу актриса "20-30 жашымда тынымсыз иштеп, бир да ролду калтыргым келчү эмес. 40 жашка жакындаганда "мындан ары эмнени кааламак элем?" деп, үй-бүлөгө көңүл бөлүп, эне, жубай катары кызмат кылып келем" деген. Ли Ён Э 2009-жылы Чон Хо Ён аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, эгиз уул, кыздуу болушкан.

Эске салсак, 2003-жылы актриса легендарлуу Тангем баянын баяндаган "Сарай бермети" сериалына тартылган. Аталган сериал дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, Кыргыз өлкөсүнө чейин жетип, өз күйөрмандарын тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shahlet
2019-12-04 13:37:00
Азыркы Тангемдин суротун да чыгарып койсо болмок экен
-1
Sa89ai
2019-12-04 15:08:33
Оо Тангем... кинону коруш керек экен......
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан