ЖЭБ соту: Отурумда жактоочулар менен мамлекеттик айыптоочулар жана судья ортосунда кайым айтышуу орун алды

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев ЖЭБди модернизациялоо үч этап менен жүргөнүн айтты. Ошондой эле ал ЖЭБ боюнча жүргүзүлгөн соттук-экономикалык экспертиза мыйзам бузуулар менен жасалганын белгилеп өттү. Айбек Калиев мамлекеттик стандарттан өтпөгөн документ юридикалык күчкө ээ болбой турганын эскертти. Ага карабай экспертизаны жүргүзгөндөр мамлекеттик күчү жок документтерге таянып, бизге айып жазышты дейт.

Отурум учурунда мамлекеттик айыптоочулар Айбек Калиевдин сөзүн бөлүп, судьядан "Калиев иш боюнча гана айтып, бизге карата комментарий бербесин" деп суранды.

Жактоочулар жарыш сөздө прокурорлордун айткан сөзүнө шилтеме бербей, баяндама кылуу мүмкүн эместигин эскертишти. Ошондой эле жактоочу Бакыт Жумашев: "Жарыш сөздү эч ким чектөөгө укугу жок. Анда мамлекеттик айыптоочулар менин жакталуучумдун сөзүнүн кайсы бөлүгүндө аларга шек келтиргенин так көрсөтүп берсин", - деп судья Инара Гилядзединовадан мамлекеттик айыптоочуларга карата эскертүү берүүсүн суранды. Бирок судья жактоочу отурумдагы этиканы сактаган жок деп анын өзүнө эскертүү берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ernestinio
2019-12-04 17:29:05
камап салсынчы баарын батыраак, цирк бутот эл уй уйуно тарайт
+1
Jaznura
2019-12-04 17:32:07
Эми жактоочулар не кыларын билбей соттук отурумдун аягында ушунтип понт менен бүтүрбөсө окшошпой каларына көзү жетип калгансыйт.
0
chake
2019-12-04 17:32:37
Циркти качан токтосунар ууру акелер бетинер жок экенго элдин кулагы укпай козу корбойт деп ойлосонор да козунорго кудай корсотуп койдуг го
0
altyn-kumush
2019-12-04 17:47:23
Ушундай да бет тырмачылык болобу?! Куноолорун бетине коюп берсе да жок деп турушат. Мал-мулкун конфискация кылып туура кылып жатышат
-1
toktor89
2019-12-04 20:28:25
Вай баа.
Минус баскандар ашанын арам ашынан жеген экенсинер.
Камалышсын шакалдар элин кууратып тоногон шакалдар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан