Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө 2-даражадагы "Манас" орденин эмнеге алганын Сооронбай Жээнбеков билерин айтты.
"Бул орден мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп калганым үчүн берилген. Мен мамлекеттик сырды алып жүрүүчү катары ал орденди кандай эмгегим үчүн алганымды айта албайм. Бирок бул көрүнүктүү салым болгон. Мени президентке кошоматчылык кылган деп айыптап, аябай ыза кылды. ЖЭБ боюнча жасалган экспертиза абсолюттук түрдө одоно түзүлгөн. Анда суроолор абдан көп. Мен кызматта турганда кадрлар боюнча дагы, өнүгүү программалары жана башка жагдайлар боюнча дагы көз карандысыз саясат жүргүзгөм. Аны баары билет. Айыптоо өкүмүндө мени өз кызыкчылыгы үчүн өлкө башчыга кошомат кылган жана муну менен карьералык жактан өсүүсүн камсыз кылган деген жыйынтык чыгарылыптыр. Мындай тыянак менин намысыма катуу тийди. Анткени мен ар дайым өз ишимде улуттук кызыкчылыктарды гана коргоп келгем. Ошол үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйлангам. Наамды улуттук кызыкчылыкты коргогонум үчүн алгам.
Бирок бул салым өлкө үчүн маанилүү жыйынтык болгон. Тилекке каршы, мага аны айтууга болбойт. Сооронбай Жээнбеков бул орденди эмне үчүн алганымды билет. Ал өзү өкмөт башчы болуп турганда мени бул наамга көрсөткөн. Бүгүнкү күндө орденди тартып алгыңар келип жатканыңар эки жүздүүлүк эмеспи?" - деди ал.