СИЗОдо отурган депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды

УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.

"Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дейт Сулайманов.

Белгилүү болгондой, депутатка операция жасалуусу күтүлүүдө.

Буга чейин да Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен ага "Тез жардам" кызматы чакырылып, биринчи жардам көрсөтүлгөн болчу.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган. Ошондой эле ага козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан