Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья айыптоочуларга акыркы сөзүн айтууга кезек берди. Отурумда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев акыркы сөзүн айтып жатат.
Сатыбалдиев: "Иштин башында мен биз юрист, экономист болуп чыгабыз дегем. Өз өлкөмдүн мыйзамды уккан жараны катары бардык иш-аракеттеримди мыйзамдын чегинде кылгам. Мен өлкөгө 34 жыл эмгек кылдым. Мен үчүн камакка отуруу эмес, сөгүш алыш оор. Адамдын кадырына жетиш оор, ал эми бирөөгө күнөө коюп, ушак айтыш көбүнүн колунан келет. А бирок абийир менен ак чечим чыгарыш баарынын колунан келе бербейт. ЖЭБ оор технологиялык станциялардын бири болуп саналат. Ал алтын казуу өндүрүшүнөн дагы оор. Мага өзүмдүн актыгымды далилдөөгө туура келип жатат. Мамлекеттик айыптоочулар өкмөттүн регламентин бузган деген айып коюп жатат. Мыйзамда өкмөттүн түзүмүн өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер жана министрлер түзөт. Өкмөттүн регламенти абдан чоң. Ал динамикалык түрдө бат-баттан өзгөрүп турат. Аны эч ким жатка билбейт. Өкмөттүн регламентин эстеп калуу мүмкүн эмес. Аны окуш керек. Анын негизинде фактыларды бурмалабай, өзүнө керектүү жерин гана албай, мыйзамдын чегинде колдонуш керек. Менин алдымда өлкөдөгү ири көйгөйлөрдү чечүү маселеси турган. Мен ал маселелерди чече алдым деп ойлойм", - деди ал.