Токтакунов: "Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо саясий чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ошол учурда парламентке төрагалык кылган Асылбек Жээнбеков жоопко тартылсын"

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен биргеликте мурдагы 7 аткаминерге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук алдын ала уктуруу жабык өттү.

Исаковдун сот отурумунан чыккан жактоочусу Нурбек Токтакунов отурумдун жүрүшүндө соттук кароону ачык кылуу өтүнүчүн келтиришкенин билдирди.

"Соттук отурум ачык өткөнү абдан маанилүү. Анткени прокурор, тергөөчүлөр эмнени сүйлөп жатканын эл уксун, көрсүн. Исаковго "коррупция" беренеси боюнча акыркы коюлган айыптоого 54 том чогултту. Ал жакта баары тең маанисиз. Эч кандай далилдер жок. Эң негизги далил - экспертиза болууда. Ал да жок жерден түзүлгөн смета", - деди Токтакунов.

Мындан тышкары жактоочу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу чечимди парламент кабыл алганын айтты.

"ЖЭБди модернизациялоодо Исаков мамлекетке зыян келтирди десе, анда Жогорку Кеңеш жооп берсин. Анткени бардык саясий жоопкерчилик Жогорку Кеңеште. Алар регламентти бузуп, коомдук талкуу өткөрбөй, "эч кандай экспертизанын кереги жок" деп келди. Ошону менен Жогорку Кеңеште коррупциялык, экологиялык экспертизанын кереги жок деген принцип менен коомдук талкуу болбой калган. Ал мыйзамды жокко чыгарган жок, иштеп жатат. Демек, мыйзам иштеп жатса кантип буларды коррупцияга айыптап жатышат. Мамлекетке келтирилген 111 миллион доллар зыянга Асылбек Жээнбековду жоопко тартсын. Анткени чечимди кабыл алган парламентте төрага болгон", - деди Токтакунов.

Анда ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл ала турганын айтты.

"Бул келишимди колдогондо ак ниет менен чын дилибизден башчыларга ишенип кабыл алып бергенбиз. 2013-жылы июль айында келишимге өкмөт кол коюп жатат. Жогорку Кеңешке келишимдик макулдашуунун долбоорун сентябрь айында алды. Комитетке келип "тездетип кабыл алып бергиле, макулдашуу керек" деп айтышкан. Минтип ким айтканын билесиңер.

Нурбек Токтакунов айрымдардын жоопкерчилиги каралышы керек деп айтып чыкты. Ал кимдин жактоочусу экенин билесиңер. Алардын айласы жок, күнөөнү Жогорку Кеңешке оодарышы керек. Уурулар жооп бериши зарыл. Биздин да талабыбыз ошол", - дейт Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан