ЖЭБ соту: Отурумда TBEAнын өкүлү Мусажан Макелектин эки эркек киши менен сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу окулду

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда TBEAнын өкүлү Мусажан Макелектин эки эркек киши менен сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу окулду. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов социалдык баракчага жазып, билдирүү калтырды.

Алгач жактоочу төмөндөгү жагдайларга токтолгон: "Учурда ЖЭБ соту боюнча иштин материалын иликтөө жүрүүдө. Коомчулук, ЖМК өкүлдөрү дал ушул стадияда материалдарды угуп, аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан материалдар так жана даана окулушу шарт. Бирок судья бул процессти формалдуу гана аткарып жатат. Башкача айтканда, кайсы материалды окуш керек, кайсынысын окубай койсо болорун өзү билип чечүүдө. Журналисттер калп айтууга жол бербейт, судья иштин материалдарын түшүнүксүз, шашып окуп жатат. Бул учурда бир нерсени түшүнүү кыйынчылык жаратууда. Мындан тышкары, материалдар угузулуп жатканда тараптар тексттин же документтин кандайдыр бир жагдайларына көңүл буруулусун талап кылса болот. Бирок судьяны жактоочулар кандайдыр бир документтерге көңул буруп жатканы кызыктырган жок", - деген ал.

Мындан тышкары, Токтакунов ЖЭБдин материалдарында ТВЕАнын жетекчиси Мусажан Макелек камакта отургандагы, ага келген эки адам менен сүйлөшүүлөрү жазылып алынган аудио жазуунун чечмелениши бар экендигин айткан. Алардын сүйлөшүүсү кытай тилинен которулган. Аудио жазуунун тексттин отурумда судья окуп берген. Нурбек Токтакунов анын кыскача үзүндүсүн социалдык баракчасына жарыялады.

"18-майда мени камакка ала электе, мен тамак алып келип тургам. Ошондо менден, өкмөт башчы менен кандай мамиледе экенимди сурашкан. Азыр алар мен айтсам, мага эч нерсе болбостугуна кепилдик беришүүдө. Бирок мен унчукпай койсом, алар мага айып тагып, күнөөнүн баары мага оодарыларын айтып жатышат. Аларга, Кытай тарапка баары бир экенин жана менин жашоом ушуну менен токтоп каларын айтты. Муну мага алардын жетекчиси айтып, коркутуп, мындан дагы жаман болушун эскертти. Мен ЖМКлар калп маалыматты жазып жатканын жана тергөө ошондой чечим чыгарганын, чындагында баары башкача экенин айттым. Алар канча берилди эле? Бардыгын айт, биз сенин коопсуздугуңа кепилдик беребиз деп улам айтып жатышат. Эгер айтып бербесең, бизге баары бир, сени 20 жылга камап коёбуз, эч ким, эч нерсе кыла албайт. Мыйзам бизди угат, сот дагы, биз кандай айтсак, ошондой кылат. Андан кийин ал мени сөгүп туруп чыгып кетти, бирок мен эч нерсе деп жооп берген жокмун", - деп айтылган аудио жазууда.

Буга кошумча жактоочу Мусажан Макелек ЖЭБдин курулушу сапаттуу жүргүзүлгөнүн жана келишимдин суммасы жасалып бүткөн иштин суммасына дал келерин акырына чейин айтып келгендигин белгилеген.

Маалым болгондой, Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков. "Улуттук энерго холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энерго холдингдин" башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова иштин алкагында сурак берип бүтүштү. Учурда иштин материалдары менен таанышуу жана материалдарды иликтөө процесси жүрүүдө. Сотто судья Инара Гилятзединова төрагалык кылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jelezo
2019-11-20 18:33:35
ТЕЦ саясий шоу бир да далил жок бир топ адамдар камакта отурушат.Авария эски имаратта болуптур жаңысы иштеп жатса, эскисин ремонтон өткөрбөй коюшкан акча ошол жерден уурдалган.
0
Erik2018
2019-11-20 19:06:05
Jelezo,жомогуңду башка жака айтчы балким кычкач 630долларга арзан алынган дейсиң
0
toktor89
2019-11-20 20:31:48
Erik2018,
Сага +
-1
Alimbek1000
2019-11-20 18:42:29
ЖЭБди жегендер кускулачы силер актана берип коомчулуктун кыжырына тийип бүттүңөр. Силердин кыш чилдеде элди үшүткөнүңөр кечирилгис...
+2
Absamat-90
2019-11-20 18:55:19
Мамлекетке келтирилген зыян 111 млн.$ Макелек если бы эти деньги украли в Китае, какое наказание выбрали бы, в качестве оплаты за ущерб?!?
+1
Erik2018
2019-11-20 19:07:08
Уурулар тойгончо жеп өлгөнчө каргана бергиле уяты жоктор
0
altyn-kumush
2019-11-20 19:32:16
ЖЭЮ боюнча куноолуулор бурчка такалган чычкандай эле болуп турушат. Кандай айда табаарын билбей турган кези. Албетте ар турдуу аракеттерди жасап жатышат бул кырдаалдан чыгуу учун. Бирок баары бир мыйзам алдында жоопко тартылышат
0
toktor89
2019-11-20 20:25:27
Ээ Роббим Аллах.
Чындыгында ТЕЦти тоногондорду озун гана жазалай кор.! Шал кор зар болуп олушсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан