Бүгүн, 22-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык, айыпталуучулар 6 жылдан 7 жарым жылга чейин эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 205-берененин 3-бөлүгү ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу"), 43-берененин 2-3-бөлүгү ("Кылмышка катышуучулар") боюнча айыпталуучулар күнөөлүү деп табылды.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга, ЖЭБдеги оңдоо иштерине катышкан "Аймар Энержи" компаниясынын жетекчиси Темирбек Ниязов 7 жылга, аталган компаниянын кызматкери Канат Деркембаев 6 жылга, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы техникалык директор Алмазбек Жусупбеков 7 жылга кесилди. Канат Деркембаев сот залынан камакка алынды. “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун доо арызы канааттандырылды. Соттолуучулардан аталган мекеменин пайдасына 6 миллион 683 миң 28 сом өндүрүлдү”, - деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз кызматы.