Жаңы Зеландиянын полиция кызматы Уайт-Айленд аралындагы жанар тоонун атылуусу боюнча кылмыш ишин ачып, кырсыкты иликтөөгө алат. Бул тууралуу Жаңы Зеландиянын полиция кызматынын өкүлү Жон Тимс маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, жанар тоо атылган учурда аралда 47 киши болгон. Алар Улуу Британиянын 2 жараны, Германиянын 4 жараны, 24 австралиялык, 5 жаңы зеландиялык, Кытай Эл Республикасынын 2 жараны, 1 малайзиялык жана 9 АКШнын жараны болгон.
Буга чейин 5 киши каза болуп, 31 киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Мындан сырткары, дагы 34 кишини аралдан алып чыгышкандыгы маалымдалган. Тимс билдиргендей, учурда дагы 8 киши дайынсыз болууда, алдын ала маалыматтар боюнча, алар каза болушу мүмкүн.
Буга чейин Жаңы Зеландиянын Уайт-Айленд аралындагы жанар тоо атылып, 5 киши каза болгондугу маалымдалган.