Бүгүн, 10-декабрда президенттин катышуусунда соттук реформа боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек деген пикирин айтты. Ал кээ бир саясатчылар, эксперттер "соттук реформа ишке ашпады, максатына жеткен жок" деп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болгонун билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутат президентти сындоону бейбаштык деп атап, ажону сындагандарга каршы укук коргоо органдарын жооп берүүгө чакырды. Мындай чакырык жарандардын пикирин эркин билдирүү конституциялык укугуна каршы келбейби?" деген собол салды.
АСАНОВ: "Президент кошоматчылардын кеңештерин укпашы керек"
Саясатчы Бектур Асанов президент кошоматчы саясатчылардан алыс болушу керектигин айтты. "Менин оюм боюнча, кээ бир депутаттар, айрым саясатчылар, партиянын жетекчилери жана активдүү мүчөлөрү "медвежья услуга" көрсөтүшүп, ашыкча кошомат кылып жиберишет. Президент ушуга окшогондордон алыс болушу керек. Ал кошоматчы депутаттардын, саясатчылардын кеңештерин укпашы зарыл. Бирөөнүн укугу бузулуп жатса, укук коргоо органдары ансыз деле киришет да. Мыйзам чегиндеги аракеттерге укук коргоо органдары эмнеге киришет?" - дейт Бектур Асанов.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Далили жок эле адамдарды жамандагандар жооп бериши керек"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев далили жок адамдарды жамандагандар жооп бериши керек деген пикирде.
"Айтылып жаткан сын-пикирлер канчалык негизделгенин карап көрүү зарыл. Эгерде далил менен айтылган сын-пикир болсо башка кеп. Ал эми жөндөн-жөн эле бир адамды жамандай берген жаран жооп бериши керек. Ар бир адам калп айтып, жалаа жапкандыгы үчүн жооп бериши шарт", - дейт Дүйшөбаев.
ОСМОНАЛИЕВ: "Президенттерге карата сын болгон, боло берет, аны эч ким тыя албайт"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев депутаттын сунушу Конституцияга каршы келет деген оюн айтты. "Бул адамдын өзүнүн эркиндик укугун даңазалаган Бириккен улуттар уюмунун негизги документтерине да каршы келет. Мындай нерсени ызы-чуу кылып, "медвежья услуга" кылып жатышат. Президенттин өзүнө бул нерсенин кереги жок. Сын болгон, боло берет, аны эч ким тыя албайт. Бирок сын конкреттүү, акыйкат, адилеттүү болушу шарт", - дейт Осмоналиев.
ОШУРАХУНОВА: "Бийликте отургандар жарандардын сын-пикирлерин ачык укканга даяр болушу керек"
Укук коргоочу Динара Ошурахунова депутаттын сунушу туура эмес, Конституцияга каршы келет деген пикирде.
"Мамлекеттик органдар баары тең жарандардын сын-пикирлерин укканга милдеттүү. Бийликте отургандар жарандардын сын-пикирлерин ачык укканга даяр болушу керек. Эгерде сын-пикирлер айтылбаса, анда мунун баары тең жүрүп отуруп нааразычылык жаратат. Ошондуктан демократиялык процедуралар бар. Бийлик жакса да, жакпаса да жарандардын ой-пикирин угушу зарыл. Депутаттын сунушу демократиялык өлкөнүн принциптерине туура келбейт. Ал сөзүнөн жаңылды. Сын-пикирлер айтылганда гана иштер оңолуп, көйгөйлөрдү чечкенге шарт түзүлөт", - дейт Ошурахунова.
КЕЛДИБАЕВ: "Президентти сындагандарга каршы укук коргоо органдары жооп бериши керек деп айткан депутаттын сөзү суу кечпейт"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев ар бир Кыргыз жараны өз оюн эркин айтууга укуктуу деген пикирде. "Баш мыйзамда адамдын укугу, эркиндиги каралган. Кыргыз мамлекетинин жараны өздөрүнүн ойлорун билдиргенге укуктуу. Ар бир Кыргыз жараны өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилсе сотко кайрылса болот. Президент эле эмес, катардагы жарандар деле өзүнүн ар-намысын коргоп, сотко кайрылганга укуктуу. Эгерде президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилсе, анын жактоочулары доо коёт. Президенттин ар-намысына шек келтирбей, жүргүзгөн саясатына сын-пикир айткан адамдарга Шайназаровдун айткан сөзү суу кечпейт. Жаран оюн эркин билдирип, президенттин ишин сындаса, мамлекет башчынын ар-намысына доо кетпейт", - дейт Төлөгөн Келдибаев.