Кыргыз Республикасында экс-президенттердин кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушталууда. Юрист Нурбек Токтакунов "Экс-президентти суракка алууга, камакка алууга, жоопко тартууга болбойт" деген чектөөлөрдү алып салыш керек" деп Конституциялык палатага кайрылды. Экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу керекпи деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы коомдук жана саясий ишмерлерге собол салды.
БЕКНАЗАРОВ: "2000-жылы Текебаев баштаган топ Акаевге кол тийбестик укугун киргизгенде, мен каршы чыккам"
Мурдагы башкы прокурор, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров экс-президентке эч кандай жеңилдик берилбеши керектигин айтты. "Ал жөн гана Кыргыз мамлекетинин жараны катары жашашы керек. Мен буга чейин да экс-президент резиденцияда жашабашы керектигин айтып, каршы сүйлөп келгем. 2000-жылы Өмүрбек Текебаев башында турган топ ошол учурдагы президент Аскар Акаевге кол тийбестик берүүнү киргизишкен. Ошондо да каршы чыккам. 2005-жылы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө кол тийбестик берүүнү алдыртып, бирок президенттикине күчүм жеткен эмес. Экс-президентте кол тийбестиктин сакталышы туура эмес. Бирок президент болуп турган учурунда керек. Анткени ал мамлекет башчы, кол башчы катары чоң-чоң иштерге барып чечим кабыл алуусу керек”, - деди Бекназаров.
АРТЫКОВ: "Кол тийбестикти алып койсок, экс-президенттерди сотко бергендер көбөйөт"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга каршылыгын билдирди. “Конституцияда президент мөөнөтү аягына чыккандан кийин экс-президент деген макам алат. Кол тийбестик бул жолдон кармап же үйүнө кирип текшергенге уруксат бербейт. Бирок кылмыш жасаган үчүн кылмыш иши козголсо, Башкы прокуратурадан уруксат алып караса болот. Көрүнгөн киши келип эле “мен сени текшерем” десе туура эмес го. Өзүбүздү кандай сыйласак, мамлекет башчыны да ошондой сыйлаш керек да. Кол тийбестикти алып койсок, бул өтө саясатташып кетет, сотко бергендер да көбөйөт. Андай болсо президенттикке деле эч ким барбай калат го. “Мамлекетте болгон бардык эле окуяга, кылмышка сен жооп беришиң керек, сен президент элең” деп сотко бере берсе болобу? Мындайга барбашыбыз керек”, - деди Артыков.
ЖАКУПОВА: "Экс-президенттин амбициясы күчтүү болсо, ал ар дайым бийликти башкарууга аракет жасоону токтотпойт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова экс-президенттер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген пикирде. “Биз эки ай мурун чоң тегерек стол өткөргөнбүз. Ошол жерде да мен "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин көтөргөм. Биз ага өзгөртүү киргизмейинче кош бийлик башкаруу улана берет. Эгерде экс-президенттин амбициясы күчтүү болсо, ал ар дайым бийликти башкарууга аракет жасоону токтотпойт. Кош бийлик - бул өтө кооптуу. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн кош бийликтен башка жаман нерсе жок. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Ал эми укуктук принцип жагынан алган болсок, бардык жарандар мыйзам алдында бирдей укукка ээ. Азыркы мыйзам боюнча мурдагы президентти туура эмес жасаган аракети үчүн жоопко тартууга мүмкүн эмес. Менин билишимче, бул мыйзамга 2013-жылы өзгөртүү киргизилген. Алар алдын ала мөөнөтү аяктагандан кийин кете турганын билип өзгөртүү киргизишкен. Анда экс-президент өлко башчы болуп турган учурда жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбай турганы так жазылып турат. Башка укуктук өлкөлөрдө бардык жаран бирдей укукка ээ”, - деди Жакупова.
САРИЕВ: "Президенттердин жоопкерчиликтүү болушу үчүн кол тийбестикти алып салуу зарыл"
Саясий серепчи Марс Сариев башка өлкөлөрдү мисал кылып, кол тийбестик боюнча оюн билдирди. “Экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу керек. Мүмкүн бул Европага жарашат. Анткени кол тийбестик болсо прокуратура дагы эч нерсе кыла албайт. Мыйзам боюнча кылмыш ишин ача алышпайт. Ошондуктан бул бизге жарашпайт. Карап көрсөк, буга чейин Кыргыз мамлекетинин эки президенти качып кетти. Ошол эле учурда экономиканын абалын карагыла. Ошондуктан президенттердин жоопкерчиликтүү болушу үчүн кол тийбестикти алып салуу зарыл. Ошондо башкача мамиле кылышат. Эки президент качып кетип эч ким эч нерсе кыла албай эле жүрөт го. Европада азыр президенттер жөн эле эл менен аралашып көчөдө жүрөт. Президенттер коркпошу керек. Ал эми Түштүк Корея, Перуну карап көргүлө, экс-президенттерин эмне кылып жатышат. Эми Орто Азияда “бул президент, чатак чыгып кетпесин” деп кол тийбестикти бере коюшат", - деди Сариев.
ШЕСТАКОВ: "Кыргыз өлкөсүндө кол тийбестик укугу экс-президентке жардам деле бербейт"
Саясий серепчи Игорь Шестаков экс-президенттерге кол тийбестик кереги жок деген пикирде. "Мамлекет башчы өзүнө каршы кылмыш ишин козгоого негиз бербегендей иштеш керек. Негизинен эки президентти бийликтен кетирген Кыргыз өлкөсүндө экс-президенттерге кол тийбестик боюнча мыйзам жардам деле бере албаса керек", - деди Шестаков.