19-июлда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалды. Буга чейин мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов камакка алынган. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталы "Бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы?" деген собол салды.
НИЯЗОВ: "Атамбаевди коррупция боюнча күнөөлөгөнгө мүмкүн эмес"
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов азыркы учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат дегенге каршы экенин белгиледи. "Мен азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшүү болуп жатат деген сөзгө толугу менен каршымын. Таң калычтуу шоу Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгендерге каршы багытталып жатат. Бул бузуку репрессиялардын бири. Атамбаевди коррупция боюнча күнөөлөгөнгө мүмкүн эмес. Ал таза, аны конкреттүү бир нерсе менен күнөөлөй алышпайт. Эл жакында чындык, калп кайда экенин түшүнөт. Коомчулук чыныгы коррупционерлер кимдер экенин жакшы билет", - деди Ниязов.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Атамбаевдин коррупционер экенин, анын экономиканы талкалап кеткенин акыл-эстүү адамдардын бардыгы билет"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Атамбаевдин коррупцияга шектүүлүгү мурда эле билинген. "Бул тууралуу Атамбаев президент болуп турганда эле мага окшогон саясатчылар көп жолу айтканбыз. Мамлекетте оппозиция, күчтүү жарандык коом жана эркин маалымат каражаттары болбосо анда президенттердин бардыгы коррупция менен алектенет. Анткени андай өлкөдө мамлекет башчыны токтото турган, аны көзөмөлдөй турган, мамлекет башчысын кармап турган күч болбой калат. Ошондуктан Атамбаев 7 жыл ичинде мамлекетте каалаган нерсесинин бардыгын жасады. Ага эч ким баш көтөргөн жок жана аны токтотууга мүмкүнчүлүк болгон жок. "Датка-Кемин" подстанциясы, Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча коррупциялык иштер бар экенин жалпысынан айта алабыз. Деталдуу далилдерди Атамбаевдин жакын адамдары камалгандан кийин укук коргоо органдары жашырбастан ачык далилдеш керек. Биздин укук коргоо органдары сотторду жабык өткөрүүгө көнүп калган. Мындайдан кутулушубуз керек. Коом толугу менен көрүшү керек. Ошондо гана ишеним пайда болот. Атамбаевдин коррупционер экенин, анын экономиканы талкалап кеткенин акыл-эстүү адамдардын бардыгы билет", - деди Жээнбеков.
МАТРАИМОВ: "Кыргыз элинин бардыгы - Атамбаевдин жакын адамдары, анткени аны эл шайлаган"
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов акыркы убактарда камакка алынып жаткандар гана Атамбаевге жакын адам деп айта албасын билдирди. "Атамбаев 6 жыл президент болгондон кийин ага Кыргыз мамлекетинин элинин бардыгы жакын. Анткени аны эл шайлаган. Акыркы убактарда кылмыш иши козголуп жаткандардын бардыгы анын жакын кишилери дебейм, алар Атамбаевдин командасында иштегендер. Ар кимге өзүнүн жасаган ишине карата кылмыш иши козголуп жатат. Алардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин тергөө иштери аныктап, сот чечим чыгарат", - деди Матраимов.
КАЗАКБАЕВ: "Атамбаевдин жакындары конкреттүү иштер менен кармалып жатышат"
Саясий серепчи Марат Казакбаевдин айтымында, Атамбаевдин жакын адамдарынын камалышы аны коррупцияга шектегенге негиз боло алат. "Баарыбыз көрүп жаткандай, Атамбаевдин кадрларына коррупция боюнча кылмыш иши ачылып, жоопко тартылып жатат. Эми баа бере албайбыз. Алар конкреттүү иштер менен камалып жатышат. Мисалы, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча коррупцияга шектелип жатат. Мүмкүн ЖЭБде авария болбосо бул иштер байкалбай калмак. Атамбаевдин жакын акыркы кадры Албек Ибраимов дагы камалды. Ал дагы конкреттүү иш менен "Дастан" ишканасы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды. Эми бул боюнча кылмыштын курамы бар же жок экенин укук коргоо органдары караш керек. Атамбаев анын жакын адамдарынын камалышын саясий куугунтук деп айтып чыкты. Бул сөз канчалык туура айта албайбыз.
Ар бир президент келгенде коррупцияга каршы күрөшөм деп өзүнүн программалары менен чыгып жатат. Азыркы учурда коррупцияга каршы күрөш боюнча чын эле иш жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтүшүбүз керек", - деди Казакбаев.
АРТЫКОВ: "Атамбаевдин коррупцияга тиешеси жок, ал таза иштеди"
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков Атамбаевдин коррупцияга тиешеси бар деп ойлобой турганын айтты.
"Атамбаевдин коррупцияга тиешеси бар дегенге ишенбейм. Аны жакындан билип, иштеп калгандыктан таза адам экенин билем. Ал таза иштеди. Туура эмес иш алып барса биз угуп, көрмөкпүз", - деди Артыков.
ТОКТАКУНОВА: "ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга Атамбаев дагы жооп бериши керек"
Юрист Таалайгүл Токтакунова Албек Ибраимовго туура эмес берененин негизинде кылмыш иши козголгон деген пикирде. "Албек Ибраимовго 171-берененин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) негизинде иш козголуп жатат. Бул берене менен кылмыш ишин козгоо туура эмес. 171-берене менен эмес, 303-берене (коррупция) менен кылмыш иши козголуш керек. Анткени мүлктү ыйгарып алуу болгон жок. Бул жерде материалдык жана ар кандай дөөлөттөрдү, артыкчылыктарды укуксуз алуу болуп жатат. ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча Сапар Исаков же мурунку министрлер эле эмес, Атамбаев дагы жооп бериши керек. Экс-президент өзү дагы "саясий жоопкерчиликтин баарын өзүмө алдым" деп кайрылуу жасаган. Атамбаевдин буйругу менен аткарылган иш болгондуктан, анын дагы жооп берүүсү зарыл", - деди Токтакунов.
КУЛОВ: "Экс-президенттин жакындарына коюлган айыптар далилденсе, Атамбаевдин да коррупциялык иштерге тиешеси бар деген сөздөр айтылып баштайт"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов билдиргендей, азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. "Кармалгандардын үстүнөн тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө бүткөн соң сотко материалдар жиберилет. Эгер сотто Кулматов, Исаков, Ибраимовдун жана башкалардын коррупциялык иштерге тиешеси бар экени далилденсе, анда эл ичинде Атамбаевдин да коррупциялык иштерге тиешеси бар деген сөздөр айтылып баштайт. Азырынча аны коррупцияга шектеп ушак айткан туура эмес, баары далилдер менен мыйзамдын чегинде айтылышы керек", - деди Кулов.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутаттар Мухтарбек Айнакулов, Айнуру Алтыбаева жана Дастан Бекешев комментарий берүүдөн баш тартышты.