КҮНСОБОЛ: Доллар кескин кымбаттоодо. Мындай кризиске өкмөт даярбы? Бул өңдүү каатчылыктан кантип чыгуу керек?

Кечээ, 10-мартта Кыргыз өлкөсүндө доллар кескин кымбаттады. 1 доллардын баасы 3-4 сомго жогорулады. Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйын берип, сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жоктугун айтты. Ал коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Бул кыска мөөнөткө гана созуларын кошумчалады.

SUPER.KG порталы "Доллар кескин кымбаттоодо. Мындай кризиске өкмөт даярбы? Бул өңдүү каатчылыктан кантип чыгуу керек?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: "Доллар дагы кымбатташы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов дүйнөлүк деңгээлде чоң кризис болуп жатканын белгиледи.

"Коронавируска байланыштуу мунайдын баасынын төмөндөшүнөн улам доллар көтөрүлүп жатат. Менин түшүнүгүм боюнча, бул башталышы гана. Доллар дагы кымбатташы мүмкүн. Кыргыз мамлекети доллардын курсун жасалма түрдө кармап турат. Азыр дагы Улуттук банк доллардын курсун жасалма түрдө кармаганга аракет кылып жатат. Бул канчага чейин созуларын азыр эч ким айта албайт. Өкмөттүн болгон ыкмасы ушундай", - дейт Сулайманов.

АБДЫРОВ: "Эки-үч күндө доллардын курсу өзүнүн калыбына келет"

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров эки-үч күндө доллардын курсу өзүнүн калыбына келе турганын белгиледи.

"Бул кризис эмес, бул жерде опурталдуу иштер болуп жатат. Бул маселени жакынкы күндө Улуттук банк жөнгө салып, туруктуу абалга келтирет. Доллардын курсун көтөрө турган жүйөлүү себептер деле жок. Эки-үч күндө доллардын курсу өзүнүн калыбына келет", - дейт Абдыров.

ЗУЛПУКАРОВ: "Ар бир мамлекеттин өзүнүн экономикалык саясаты болот. Кризистен чыгуу үчүн экономикалык саясатты колдонуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров ар бир мамлекеттин экономикалык саясаты боло турганын эскертти.

"Мындай учурда өкмөт өзүнүн чукул чогулушун өткөрүшү керек. Бул Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ичинде көтөрүлүп жаткан маселе эмес да. Акыркы учурда коронавирус жайылып баштады. Көп жерлерде карым-катнаш, туризм токтоп калды. Ошого байланыштуу мунайдын колдонулушу азайып, анын баасы түштү. Мындан кийин доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Биз азык-түлүк коопсуздук боюнча маселеге өзгөчө көңүл буруп коюшубуз зарыл. Коомчулукта дүрбөлөң болбошу керек. Дүрбөлөң боло турган болсо тамак-аш көйгөйү чыгып калышы мүмкүн. Бул убактылуу нерсе деп күтүп туралы, күндүн жылышы да жакындап калды. Буюрса жалпы дүйнө жүзүн каптаган жаман дарт жок болсо, экономикалык абал өзүнүн жолуна түшүп калат. Биз өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгабыз, кайра башка мамлекеттерден продукция, кийим-кече, мунайды алып келебиз. Ошондуктан дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга Кыргыз мамлекети сөзсүз байланыштуу деп айтсам жаңылышпайм. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Бизде жалпы экономикалык саясат ЕАЭБдин ичинде болуп жаткан нерселерге таасирин берип турат. Алдын ала жасай турган көп нерселер бар. Ошолорду жасаш керек. Ар бир мамлекеттин өзүнүн ачык жана көмүскө саясаты болот. Ошол көмүскө саясатта туура ойлонуп, туура чыгып кете турган болсок жакшы. Бизде 2015-2016-жылдары Казакстанда, Орусияда девальвация болгон. Кыргыз мамлекети ошол абалдан туура чыгып кеткен. Ар бир мамлекеттин өзүнүн экономикалык саясаты болот. Ошолорду колдонуу керек", - дейт Зулпукаров.

ЖАПАРОВ: "Бир-эки аптанын ичинде Орусия Сауд Арабиясы менен сүйлөшүп, мунайдын баасын калыбына келтире турган болсо, 1 доллардын баасы 73-75 рубль менен токтойт"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт бардыгына даяр болушу керектигин айтты.

"Кризистик учурларда атайын чараларды көргөнгө, кесепетин азайтууга биздин мыйзамдар жетиштүү. Бирок түздөн-түз өкмөткө катуу таасири жокко эсе, биринчи иретте валюталык саясатка жооп берген Улуттук банкка күч келе түштү. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына доллардын талабы кескин түрдө деле өскөн жок. Коронавируска байланыштуу Кытай менен сооданын санын азайтып, жокко чыгардык. Доллардын соода-сатык жүргүзүүгө талабы жок болчу. Бул Орусияда мунайдын баасы кескин түшүп кеткендиктен мунай согушу башталып, рубль төмөндөп кетип, мындан биздин сомго да басым болду. Мындай учурларда Улуттук банктын өзүнүн алтын жана валюта запастары бар. Акыркы жылдары запасты бир топ жакшы топтоп алышты. Бир-эки аптанын ичинде Орусия Сауд Арабиясы менен сүйлөшүп, мунайдын баасын калыбына келтире турган болсо, 1 доллардын баасы 73-75 рубль менен токтойт. Бизде да 1 доллардын баасы 73-75 сом менен токтойт деп ойлоп жатам", - дейт Акылбек Жапаров.

МАМАШОВА: "Доллар эл аралык экономикага байланыштуу көтөрүлүп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова доллар эл аралык экономикага байланыштуу көтөрүлүп жатканын айтты.

"Коронавируска байланыштуу Орусияда, Казакстанда бардык коңшу мамлекеттерде азыр экономикалык кырдаал начарлап жатат. Ошондуктан мындай учурда доллардын курсун бир калыпта кармаган өтө оор. Ошол эле Кыргыз мамлекетинде болгон долларды коңшу мамлекеттен келип алып кетиши мүмкүн. Мындайча айтканда, доллардын көтөрүлгөнү туура болду. Улуттук банк мындай кырдаалга даяр экенин билдирди. Азырынча доллар өспөйт деп айтышты", - дейт Мамашова.

ЧОРОЕВ: "Улуттук банк сырттан келген таасирлерге жакшы туруштук бере албайт"

Экономист Кубан Чороев валюталык кризистер 5-6 жыл сайын кайталанып турат деген оюн айтты.

"Бүгүнкү болуп жаткан девальвациянын негизги себептери Сауд Арабиясы мунайга болгон бааны кескин төмөндөтүп жиберди. Ошонун себебинен Орусияда бардыгы валютасын долларга же еврого алмаштырганга качат. Бул көрүнүштү психологиялык фактор деп айтсак болот. Ошонун артынан Орусиядан, Казакстандан келген таасирден улам Кыргыз өлкөсүндө дагы ушундай болуп жатат. Биздин Улуттук банк сырттан келген таасирлерге жакшы туруштук бере албайт. Мен бир нече жылдан бери Улуттук банк валюталык башкаруу системине өтүшүбүз керек деп айтып жүрөм. Бирок бул нерсе убактылуу, дүрбөлөң бүткөндөн кийин доллардын курсунун көтөрүлүшү токтойт. Бирок мындан кийин сомдун курсу мурунку деңгээлге келеби же жокпу бул суроо бойдон калат. Мындан ары сом калыбына келбей калышы мүмкүн", - дейт Чороев.

Улуттук банк: “Канча доллар керек болсо, ошончо долларды сатууга даярбыз“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан