Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: "Бир туугандардын бири президент болсо, калгандары ээлеген кызматтарынан баш тартышы туура"
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өлкөдө бир туугандар бири-бирине баш ийген кызматтарда иштөөсүнө тыюу салган тартип бар экенин айтты.
"Моралдык жактан караганда, албетте, эгер өлкөдөгү эң жогорку кызматты бир туугандардын бири ээлесе, калгандары "кызыкчылыктардын кагылышын" жаратпаш үчүн ээлеген кызматынан баш тартышы туура. Анткени биздин өлкө үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан улам кандуу окуяларды башынан кечирген. Алмазбек Атамбаевдин тушунда балдары анын иш-бөлмөсүнө бир да жолу кирген эмес, алар бийликтин кабаттарына да барган эмес", - деди Карамушкина.
АРТЫКОВ: "Сооронбай Жээнбеков президенттикке келе электе эле бир туугандары кызматтарга отуруп калган"
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыковдун айтымында, учурда сырттан караганда үй-бүлөлүк башкаруудай көрүнгөнү менен, иш жүзүндө андай эмес.
"Сооронбай Жээнбеков президенттикке келе электе эле бир туугандары кызматтарга отуруп калган. Келгенден кийин дайындаса, анда башка сөз эле. Акаев баласын депутат кылып, бирөөнү Каржы министрлигине отургузбады беле. Бакиев ЦАРИИни түзүп, баласын башчы кылган. Бизде азыр андай көрүнүш жок. Сырттан караганда үй-бүлөлүк башкарууга окшоп көрүнүшү мүмкүн, бирок буларды Сооронбай Шарипович алып келген жок да. Асылбек Жээнбеков Сооронбай Жээнбеков өкмөткө келгенде спикерлигин бошотту. Булар эми эл жаман көрөт десе, бул маселени үй-бүлөсүндө чечиши керек. Бирок мыйзам бузуу болуп жатат деп айта албайм", - деди Артыков.
МИСКЕНБАЕВ: "Саясатчылардын арты таза эмес болгону үчүн азыр Акаев менен Бакиевдин убагынан да жаман болуп жатканын айтуудан коркушат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп чыккандан бери ага карата коркутуулар болуп жатканын айтты.
"Бул жөнүндө айтып жатып тилим тешилди. Бул эми башталышы. Кудасы, иниси, агасы бийликте болуп жатса, эми күйөө баласы, таяке, жээни келе баштайт. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп айткандан бери жарым жылдан бери мени куугунтуктап жатышат. Акаев менен Бакиев бул жакта эле калды го. Азыр чындыкты айтсаң, өлүп калган атаңдын көрүнө чейин казып жатат. Айтып деле кереги жок. Чындыкты айтып жатып тажадым. 6 айдан бери коркутуулар менен жашап жатам, тынчтык жок. Акаев менен Бакиевдин убагынан жаман болуп жатат. Саясатчылардын бардыгы эле билет, бирок эч кимиси айта албайт. Бардыгы коркот, анткени арты таза эмес. Президенттин айтканы менен жасаган иши окшош эмес", - деди Мискенбаев.
МАДУМАРОВ: "Президент парламенттеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, спикер - отурган бир куурчак"
Саясатчы Адахан Мадумаров учурдагы бийлик менен Акаев, Бакиев учурундагы бийликте окшоштуктар көп экенин белгилейт.
"Тилекке каршы, бизде ким кайсы жерге келген болсо, артынан ар бирин ишке жайгаштырууну милдет катары көрөт. Азыр баары көрүп тургандай, бир үй-бүлөдөн бирөө эле жогору жакка чыгып калган болсо, ал баарын сүйрөп, татыктуубу же татыксызбы, ошолорду кызматка коюп баштайт. Сиздер санап жаткан инсандар көзгө көрүнгөндөр гана, көзгө көрүнбөгөндөрү канча? Айылдык, райондук, облустук деңгээлде алып караганда жөргөмүштүн желесиндей эле желелеп кеткен. Бул аябай нааразычылыкты жаратат. ЖМКларда айтылбаганы менен, жерлерде жамандык-жакшылыкка чогулган элдин арасында ким кимдин эмнеси болору айтылып жатат. Бул акырын-акырын жүрүп, толуп жарылып кете турган маселе, муну абайлаш керек эле.
Илгери "булбулдун 10 балапаны болсо, дагы бир балапаны сайрайт" деп айтышчу эле. Азыр Жогорку Кеңешти же башка жерди карагыла, жалаң эле бир туугандар. Андай болбойт, бир үй-бүлөдөн мынчалык генийлер чыкпайт. Уят болот. Ошону сезбеген, байкабаган, өзүм билемдик мамиле жасаган мурунку 2-3 бийликтин тагдыры кандай болгонун баары көрүп турат. Эми "андай болбойт" дегенге болбойт, биз жылкы мүнөз элбиз, эртең менен жакшы туруп эле түштөн кийин айнып кетебиз, ошону эске алышса болмок. Азыр кайсы жерге барбайлы тууганчылыгы, куда-сөөгү, таяке-жээни бар деген маселелер аябагандай күчөп кетти. Бул маселе акыркы 10-15 жылда бизде гүлдөп бараткан терс маселе, бул жакшылыкка алып келбейт. Азыркы жагдайда бул маселе ашкере болуп калды, мурда жашырынып, уялып анча-мынча ыйман бар эле. Азыр "эмне отурасың, тууганың турбайбы, маселеңди чечпейсиңби?" деп, тилекке каршы, бул нерсе кадыресе мамлекеттик саясатка айланып калды. Бул коркунучтуу нерсе.
Кыргызда бардык эле учурдагы башкаруулар бирдей. Маселен, Роза Отунбаева президент болуп турганда "Тышкы иштер министрлигиндеги маселелерди иниси чечип жатат" деген катуу сөздөр жүргөн. Атамбаев президент болгон учурда жан-жөкөрлөрү, кайнилери чечип калган. Азыркылар деле алардан ашса ашат, кем калбайт. Азыр кайсы жерге барбасын агасын да, инисин да төгөрөктөп эл жүрөт. Азыр парламенттеги спикер - отурган бир куурчак. Жогорку Кеңештеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, муну сокур менен дүлөй гана андай эмес дебесе, ой жүгүрткөндүн бардыгы сезип, көрүп турат. Жоопкерчиликти бир киши керт башы менен моюнуна алмайын бул маселе уланып кете берет. Бирок түбү жакшылыкка алып келбейт. Азыр Жогорку Кеңештин төрагасы эле эмес, өкмөт башчы деле куурчак, бардык маселе башка жерде чечилет. Бакиевдин тушунда да ушундай болуп калган, өкмөт өзүнчө, баласы баштаган команда өзүнчө иштеп калган. Натыйжасы эмнеге алып келгенин айтуунун кажети жок, окшоштуктар аябай көп", - деди Мадумаров.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Эгер президент туугандарын өз ишине кийлигиштирсе, бул анын жеке трагедиясы болот"
Саясатчы Равшан Жээнбеков азырынча өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруунун белгилерин көрө электигин айтты.
"Туугандары президенттин ишине кийлигишүүдө" деген сөздөр айтылып жатат, бирок так фактылар жок. Фактылар болсо, сөзсүз айтышыбыз керек. Келечекте "өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болбойт" деп айта албайм. Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө президент өзү аракет кылышы керек. Эгер жол берсе, бул анын жеке трагедиясы болот. Буга чейинки мындай трагедиялар эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз", - деди Жээнбеков.
КУЛОВ: "Сооронбай Жээнбековду Акаев менен Бакиевге окшоштурган болбойт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле депутат болгонун белгиледи.
"Биринчиден, Асылбек Жээнбеков качан депутат болгонун карашыбыз керек. Агасы Жусупбек Шарипов деле 5 жыл мурун эле элчи болуп иштеп келген. Сооронбай Жээнбеков президент болгондо туугандары кызматка орношкон жок да. Президенттин агасы менен иниси өздөрүнүн күчү менен кызматка келишкен. Сооронбай Жээнбековду Акаев менен Бакиевге окшоштурган болбойт. Акаев менен Бакиевдин туугандары алардын жардамы менен бийликке келген", - деди Кулов.
КОЧКОРОВ: "Сооронбай Жээнбеков бир туугандарын депутат жана элчи кылган жок"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров Сооронбай Жээнбековду Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге салыштырууга болбой турганын айтты.
"Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле бир туугандары бул кызматта иштеп келишкен. Аларды Жээнбеков депутат, элчи кылган жок. Өз ордуларында эле иштеп жатышат. Жээнбеков президент болсо алар кызматтарын таштап коюп, кетип калышы керекпи? Эгерде алар мамлекеттик саясатка кийлигишип же кадр маселесин чечип жаткан болсо, анда башка маселе. Булар өз иштерин аткарып, бири эл өкүлү, экинчиси элчи болуп иштеп жатышат. Жээнбековду Акаев жана Бакиев менен салыштырууга болбойт. Президент өзү эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болбой турганын айткан. Бүгүнкү күнгө чейин ал айткан сөзүнө туруп келе жатат. Жакындарын эч жакка жылдырып, чоңойткон жок", - деди Кочкоров.