Стамбулдун Башкы консулдугунун аймагындагы кудуктан жиликтенип табылган Сауд арабиялык журналист Жамала Хашоггинин өлүмүнө айыпталып жаткандар өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары Сауд Арабиянын Башкы прокуратурасына таянып жазып чыгышты.
Сауд Арабиясы Жамала Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталганын билдирди. Ага ылайык, 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылып, дагы 3 айыпталуучуну 24 жыл бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Жамала Хашогги акыркы жылдары АКШлык "The Washington Post" басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, Араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экендигин айтып келген.
2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.