"Тажикстан Эл аралык сот алдында жооп берүүгө тийиш". Бишкекте активист митингге чыкты

Бүгүн, 3-майда Бишкекте жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин алдына митингге чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.
"Эмомали Рахмон эгемен Кыргыз өлкөсүнүн элине кол салды. Аскердик агрессия үчүн Эл аралык сот алдында жооп берүүгө тийиш. БУУнун баш катчысы Кыргыз өлкөсүнө келип, окуя болгон аймакты көрүп так позициясын айтып, каңырыгы түтөп турган элге моралдык колдоо көрсөтсүн. Аскердик агрессия жасаган Тажикстандык жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшсүн", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karakoz90
2021-05-03 16:33:19
Митингге чыгыштын кереги жок андан коро мыйзамдуу жактарын карап, канткенде Тажикстанды эл аралык сотко бере алабыз, кантип мыйзамдуу талаада жоопко тарта алабыз ошол жактарынан тажрыйбаларынар менен болушуп жардам бергиле да.
0
Datka7777
2021-05-03 17:41:58
Клоун
-2
Aiymkan89
2021-05-03 18:24:53
Атанардын как башы, жалгыз болсо да чыгыптыр тем более англисче жазып. Чыккыла силер, канте да кыргызга жан куюп атат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан