Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактын автору экендигин ачык көрсөтүп жатат. Бул тууралуу казакстандык оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган посту аркылуу билдирди.
Анда ал Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы аскердик чыр-чатак анын демилгеси экендигин жашырууга аракет деле кылбаганын жүйө келтирген.
"Путин ачык-айкын белги берип жатат. Кыргыз өлкөсүндөгү демократиялык өзгөрүүлөр ага туура келбейт. Путин Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу авторитардык жана мафиялык режимди кармаган өлкөлөр менен гана дос болот.
Кызыл аянтта, Путин тажик президенти менен чогуу жүрүп, Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасындагы аскердик кагылышууну өзү уюштургандыгын ачык көрсөттү.
Каза болгон жоокерлердин ата-энелери алардын уулдарынын өмүрүн алгандар Путин жана Рахмон экендигин билиши керек", - деп айтылат Аблязовдун жазган билдирүүсүндө.