Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары демилге көтөрүп, журналисттерге чек ара боюнча маалымат жыйын берүүдө. Алар маалымат жыйындын жүрүшүндө президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасашты. Өз кайрылуусунда алар тез аранын ичинде Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактарга тактоо киргизүүнү суранышты.
Шадиев Байзак аттуу жаран "тажиктер менен чыр-чатак болуп жатат. Биз кимдир бирөөнү колдойлу же мактайлы деп келген жокпуз, баарыбызга керек болгон чек ара маселе боюнча келдик", - деди.
Саатбек Халматовдун айтымында, эки улуттун өкүлдөрү өтө аралаш жашаган аймактар көп болгондуктан күнүмдүк жашоо тиричиликте жаңжал чыга берет.
"Биз кимдир бирөөнү колдойлу же мактайлы деп келген жокпуз. Кыргыз-Тажик чек арасында чыр көбөйүп жаткандыктан келип жатабыз. Түнү менен ок атып, бири-бирине мылтык такаганга чейин барып жатышат. Ошондуктан биз президент Сооронбай Шариповичтен суранат элек, ушул маселени кечиктирбестен чечип берсе деп келдик. Негизги көйгөй - кыргыз-тажик эли чек ара аймактарында аябай аралаш жашап жатат, мындан улам күнүмдүк жашоо турмушта чырлар болуп кетип жатат. Мисалы, атайын такталбаган аймактар бар, ал жерде кыргыз-тажик аралаш тургандары бар, мындан улам кайсы жер бизде калат, кайсы жер аларга өтөт, ошону карап делимитация, демаркация иштерин бүтүрүп берсе деп суранабыз", - деди ал.