Тажикстанда жугуштуу вирустан улам Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөө сунушталууда

Тажикстан коркунучтуу вируска байланыштуу Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Анда Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктаганы айтылат. Кытайдан тышкары, Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

"Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирген. Алар Тажик жарандарына кайрылып, кырдаал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну сунуштады.Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Тышкы иштер министрлигинен жана Туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген Кытай жарандарыны аты-жөнүн жана даректерин тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү суранды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tina-Tin
2020-01-22 16:03:05
Биздикилер унчукпайтго. Эмне болсонор ошо болгула озунорго сак болгула. Факт жок деп отурушабы.
+8
Shef87
2020-01-22 17:58:14
Биздикилер уктабай тоскула киргизбегиле
+4
nazarKGZ
2020-01-22 18:23:15
Биздикилерге акча берсе эле киргизе беришет
+6
portugalia
2020-01-22 21:57:34
Тажиктер кыйын го биз качан сектор киргизебиз?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан