Коронавирус илдети расмий катталбаган Түркмөнстанда калкты эмдөө иштери башталат

COVID-19 расмий катталбаган Түркмөнстанда калкты эмдөө иштери башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов саламаттыкты сактоо министри Нурмухаммед Аманнепесовго коронавируска каршы калкты эмдөө боюнча тапшырма берген. Президент жугуштуу оору менен күрөшүүдө өзгөчө жаз-жай мезгилиндерине көңүл буруу керектигин айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле өлкө башчы саламаттыкты сактоо министрине Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тастыктаган вакцина менен эмдөө жүргүзүү жана бет кап тагынуу эрежесин тыкыр көзөмөлдөө керектигин айтты.

Түркмөнстанда COVID-19 илдети расмий катталган эмес. Ошого карабай аталган өлкөдө бет кап тагынып, бир катар чектөөлөрдү эске алууга милдеттүү болушкан.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан