SUPER.KG порталы окурмандарга коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин күндөлүгүн тартуулайт. Биздин каарман Ноокат райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшод Мамажанов жана анын командасы. Март айынан бери үй бетин көрбөй иштеп жаткан Мамажанов коронавирусту дарылап жаткан ооруканага экскурсия жасап, дарыгерлердин күн тартиби тууралуу кызыктуу сүрөт, видеобаян менен бөлүштү.
Бул Ноокат райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн коронавирус менен ооруган бейтаптар жаткан палаталар. "Ар бир бейтап өзүнчө бөлмөдө жаткырылып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот", - дейт дарыгер.
Алгач бейтаптар жаткан бөлүмгө кирерде дарыгерлер эки катмарлуу коргоочу кийимдерди кийишет. Төмөндө видеодо көрсөтүлгөндөй, кийингенде кичинекей нерсеге чейин маани берип, аба кирбегидей бардык ачык жерлерди бекитип, анан үстүңкү катмар кийилет. "Коргоочу кийимден аба өтпөгөндүктөн, бир нече сааттап иштөө оор", - дейт каарман.
Коронавирус эпидемиясы күчөгөн маалда Мамажановдун командасы бир учурда 40 чакты бейтапты карашкан. Ноокатта коронавирустун чекке жеткен маалы апрель айынын ортолоруна туш келген. Бейтаптардын арасында өтө оор абалга түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, айыккандары бар. Төмөндө өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоо учурунан видеолор.
Аба жетпей калган бейтапка жасалма кычкылтек берүүчү аппаратка кошуу учуру.
"Жасалма дем алдыруучу аппарат бул акыркы чекит. Колдон келишинче, бейтаптын абалын ага жеткирбегенге аракет кылабыз. Бирок айрымдардын башка өнөкөт оорулары болгондуктан, баары козгоп, бейтап өз алдынча дем ала албай калганда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошууга туура келет", - дейт Мамажанов.
Бир медициналык курам 4 саат иштеген соң башка тайпадагылар менен алмашат. Өз ишин өткөрүп берген соң коргоочу кийимдерди чечип, анан таза абага чыгышат. Албетте, коргоочу кийимди бардык эрежени сактап, туура чечүүнү да билүү керек.
Кээде дарыгерлер тобу минтип топ тээп, чер жазышат.
Же жөн гана телефондон акыркы жаңылыктарды окуп, көрүп отурушат. "Мындай "бактылуу мүнөттөр" дайым эле боло бербейт" дейт дарыгер.
"Биз менен 1-курамда иштеген кесиптештер коронавирус жуктурганы аныкталып, 3-курамга бейтап катары келип жатышты. Кесиптештер менен мындай учурда сүйлөшүүнүн өзү оор. Кесиптештерибиздин арасында абалы өтө оор болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулгандар болду", - дейт Мамажанов.
Бош убакыт табылса, үй-бүлөсү менен сүйлөшүүгө шашат. Баласын 1 жарым айдан бери көрбөгөн эне, канча сүйлөшпөсүн, баласынын саламаттыгына санааркап ыйлап алат.
Бишкек шаарында иштеген дарыгер-реаниматолог жана анестезиолог Насыржан Адашбаев өз каалоосу менен вирустун очогуна иштегени барган.