Сапар Исаков: "Жантөрө Сатыбалдиевдин камакта отурушу бул нонсенс!"

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды.

Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берди. Өз сөзүндө ал ЖЭБ иши боюнча айыпталуучулар бир кылмыштуу топ катары каралып жатканына нааразы экенин билдирди.

"Мисалга алсак, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен профессионалдык гана мамиледе болчубуз. Жантөрө Жолдошевич экөөбүз мамлекеттик иштин алкагында жолукчубуз. Ошондо дагы ЖЭБ боюнча бир дагы жолу сүйлөшкөн эмеспиз. Жантөрө Сатыбалдиев көз карандысыз адам, аны баары билет. Жантөрө Сатыбалдиевдин камакта отурушу бул нонсенс!", - деди Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asman779
2020-01-29 20:21:38
Жанторо деле таза эмес. Ош коогаланынан кийин Ошту реконструкция кылган бул киши. Ошондо далайды жеп, айлыктарына олчойгон сумманы жазып алып турган. Кылмыш иши козголуп аран кутулган.
+5
Absamat-90
2020-01-29 20:24:12
Ошол жерде отургандар баарынар таза эмесиинер.
+1
Kattaldym
2020-01-29 20:40:48
Мен гоо мен деп кой...
0
chake
2020-01-29 21:06:08
булар өтө арзан алган кычкач 630 долларга
+3
Alimbek1000
2020-01-29 21:47:32
САПАР СЕН ОЗУНО ЖООП БЕР 111 МЛН ДОЛЛАР КАНА?
-1
Samurai07
2020-01-30 01:38:01
Эчки тууй албай жатып койго арачы болуптур дегендей эле го бул жагы)))
+1
SHAHDAR
2020-01-30 22:43:31
Сатыбалдиевдин 10% деген кличкасын элдин баары билет. Баардык келишимдер-долбоорлор болобу, кресло сатмай болобу 10% долясын дайыма алчу деп элдин баары айтчу. "Калк айтса калп айтпайт"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан