ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча соттун өкүмүнүн тексти даяр эмес. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
"Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, өкүмдүн тексти угузулгандан 3 күндөн кеч эмес убакытта даяр болуп, 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө айыпталуучуга жана жактоочуга тапшырылышы керек. Өкүм 6-декабрда угузулуп, 9-декабрда текст толугу менен даяр болушу керек. Бүгүн судья өкүмдүн көчүрмөсүн Сапар Исаковго бериши керек эле. Бирок толук текст дагы деле жок. Эмнеге судья Инара Гилязетдинова адилетсиз өкүм чыгарууга шашты? Жообу баарына белгилүү деп ойлойм", - деп жазган Жоошев.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.