Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина ЖЭБ боюнча жана экс-мэрлердин сотторунда жарандардын укуктары бузулуп жатканын билдирди.
"Биз мыйзам гана чыгарбастан, анын аткарылышын да көзөмөлдөшүбүз керек. Дайыма сот системинин реформасы жөнүндө анын гумандуу болушу, соттор ачык жана акыйкат болсун деп көп айтабыз. Азыркы учурда Свердлов райондук сотунда судья Инара Гилязетдинова Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш ишин карап жатат, эмне себептен айыпталуучулардын туугандары сот залына киргизилбей жатат?
Соттор "депутаттар, отура бергиле, биз сотпуз, биз үчүнчү бийликпиз, бизди көзөмөлдөбөгүлө" дешет, анан кантип көзөмөлдөбөйбүз? Видео-аудио жазылып жатат дейт, эч нерсе жок, бул кур сөз", - деп нааразычылыгын билдирди Карамушкина.
"Ушундай эле көрүнүш мектептин курулушу, экс-мэрлердин иши боюнча соттук териштирүүдө да болуп жатат. Туугандары залга киргизилбей, сүрөт-видеого тартууга тыюу салынып, айыпталуучулардын жанына эч кимди жолотпой жатышат. Жарандарыбыздын укуктары бузулуп жатат. Төрага, сиз өлкөдөгү экинчи адамсыз, мен сизди дагы деле сыйлайм", - деп кайрылды парламенттин төрагасына депутат.
Буга төрага Дастанбек Жумабеков: "Ирина Юрьевна, рахмат, баары мыйзам чегинде болот, сунушту эске алабыз. Бардык иш мыйзамдын алкагында жүрүп жатат", - деп жооп кайтарды.