ЖЭБ соту: Отурумда Сапар Исаков Феликс Куловдун "TBEA" компаниясы боюнча айткан эскертүүлөрүнө токтолду

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.

Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берип жатып, бир дагы укуктук-нормативдик актыларды бузбагандыгын айтты. ЖЭБ долбоору ишке ашып жатканда бардык эскертүүлөрдү жана сунуштарды кабыл алууга даяр болгондорун билдирди.

“2014-жылдын 4-февралында ошол кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов кат жөнөткөн. Анда ал ЖЭБ долбоору боюнча "ТВЕА" компаниясы эске албаган бир катар техникалык кемчиликтер бар экенин белгилеген. Президент анын негизинде Энергетика министрлигине резолюция жөнөткөн.

Анда “Кулов белгилеп өткөн эскертүүлөр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалуу болсо, эске алынсын”, - деп жазылган. Ал эми Энергетика министрлигинен Кулов айткан сунуштардын баары долбоордун өзүндө каралган деген жооп келген”, - дейт Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2020-01-29 16:10:20
Кайсактабай жөн уурдалган акчаны ордуна койгула.
+3
Jaznura
2020-01-29 16:11:30
Сапар эми Атамбаевди күнөөлөй баштадыбы?
+3
chake
2020-01-29 16:13:08
Сапар Музей боюнча да жооп беришин керек
+2
zhaku2017
2020-01-29 17:10:25
Сооронбай дагы жооп берсин. Куноосу тоодой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан