Бүгүн, 19-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 22 миллион 46 миң 35 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 14 миллион 20 миң 530 бейтап айыгып чыкса, 778 миң 537 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 489 миң 778 адамдан коронавирус аныкталды.171 миң 793 адам каза болсо, 1 миллион 898 миң 159 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 407 миң 354 адамдан аныкталды. 109 миң 888 адам каза болсо, 2 миллион 735 миң 64 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 702 миң 742 адам вируска кабылган. 51 миң 797 бейтап көз жумса, 1 миллион 977 миң 779 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.