1-июндан тарта курама командалар машыгууларын башташат

Чектөө иш-чараларын (карантинди) этабы менен алып салуу жана дене тарбия, спорт чөйрөсүнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында 2020-жылдын 1-июнунан баштап спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командалары окуу-машыгуу сабактарын башташат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу сабактарынын башталышынын алдында курама командаларынын мүчөлөрү Спорттук-реабилитациялоо борборунан медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Окуу-машыгуу сабактары өтө турган объекттерде санитардык ченемдер жана эрежелер сакталып, кирүүдө спортчулардын дене табы контактсыз текшерилип турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан