
Тышкы иштер министри
Чыңгыз Айдарбеков Испаниянын тышкы иштер, Европа биримдиги жана кызматташтык министри
Аранча Гонсалес Лайе менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Чыңгыз Айдарбеков эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу, маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кызыкдар экенин белгиледи.
Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары консулдук маселелер боюнча да пикир алмашышты. Испаниядагы Кыргыз жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери өзүнчө каралды. Министрлер жакынкы убакта онлайн форматта конференция өткөрүү жөнүндө макулдашты.
Мындан тышкары тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин маселелерине көңүл бурушту, өз ара кызыкчылыктарды көздөөчү маселелер боюнча диалогду колдоп турууга келишти.