Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өттү. Бул тууралуу дин башкармалыгынан маалымат таратышты.
"Сынакка муфтийдин орун басары, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты. Сынактын жыйынтыгында ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты. Аталган авиакомпания талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүрүшүндө Кыргыз жарандарын ташуунун наркын 1550 АКШ доллары бойдон калтырышты.
Эскерте кетсек, 2019-жылы да авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллары болгон", - деп жазылат маалыматта.