Биз социалдык тармакта

Польшанын аймагына Орусиянын эки ракетасы кулады

Польшанын аймагына эки канаттуу ракета жана бир реактивдүү учкучсуз аппарат кулады. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ракеталардын бири Новый Липовец айылынын жанынан, экинчиси Рудник-над-Сан аймагынан табылды. Ал эми Молодыче аймагына реактивдүү дрон кулады.

Польшанын коргоо министри бул окуяны Орусиянын кезектеги провокациясы деп атап, анын убактысы атайын тандалган болушу мүмкүн экенин билдирди. Анткени, маалым болгондой, ошол эле күнү Польшада "Каалоочулар коалициясынын" аскердик машыгуулары өтүп жаткан.

Белгилей кетсек, бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган эмес, ошондой эле инфраструктуралык объектилерге да зыян келтирилбегени маалымдалды.

Ракета түшкөн учур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан