Биз социалдык тармакта

Дүйнө жүзүнө таанылган бегемот Фиона токулган баш кийимдин айынан көз жумду (видео)

Бүгүн, 20-ноябрда дүйнөгө таанылган бегемот Фиона көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, АКШнын Цинциннати шаарындагы зоопаркта дүйнөгө белгилүү болгон бегемоттун өлүмүнө келген көрүүчүнүн токулган баш кийимин жутуп алганы себеп болду. Ал 9 жашта болчу.

Маалыматка таянсак, Фиона баш кийимди 10 күн мурун жутуп алган. Ветеринарлар жаныбардын өмүрүн сактап калууга аракет кылышканы менен, майнап чыккан эмес.

Фиона 2017-жылы мөөнөтүнөн мурда төрөлүп, ал кезде салмагы болгону 13 килограммды түзгөн. Зоопарктын социалдык тармактарга жарыялаган видеолорунун аркасында ал дүйнөгө таанылган.

Белгилей кетсек, бегемоттор кармоодо орточо эсеп менен 50 жылга чейин жашайт.

Фионанын акыркы көз ирмемдери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан