Бишкектин Түштүк магистраль менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 4 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсык бүгүн, 4-февралда саат 15:00 чамасында катталганын патрулдук милициядан кабарлашты.
"Кырсык 4 унаанын катышуусунда болду. Анда жүргүнчү ташыган Мерседес Бенц, Мерседес Бенц С-класстагы жеңил унаа, Хонда Фит жана Тойота Ист унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир унаанын айдоочусу каза болуп, 3 адам жаракат алды. Кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз катчы.