2 кыз жана 9 жашар бала каза болду. Жалал-Абадда жеңил унаа дарыяга түшүп кеткен

Жалал-Абадда жеңил унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына кулаган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Таш-Көмүр шаарынын Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында Тойота Виш үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгинен болжол менен 50-60 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, 5 эркек киши ар кандай жаракаттарды алган. Учурда каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан