Бишкекте 24 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы 5-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамасында болгон.
Анда 1996-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасында Тоголок Молдо көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Щербаков көчөсүнүн кесилишинен жашы болжол менен 50-55 курактагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себебин такташууда.