Өзгөндө жол кырсыктан 7 адам күйүп кетти. Кырсык тууралуу Мырза-Аке айылынын башчысы айтып берди

Өзгөндө айдоочу рулга ээ боло албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз катчысы билдирген болчу.

Кырсык тууралуу Мырза-Аке айылынын башчысы Базарбай Өсөрөв төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Бүгүн, 3-февралда биздин аймакта жол кырсыгы катталган. Кырсык түндө болгондуктан, биз эртең менен окуя болгон жерге барып, көрдүк. Кырсыктан каза болгон жарандар биздин айылдын тургундары эмес, коңшу Большевик айылынын тургундары экени айтылууда. Айдоочу уктап кеткенби же мас абалында болгонбу аныктала элек", - деди ал.

Ал эми Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкулов кырсык тууралуу буларга токтолду.

"Каза болгондор кайдан келе жатканын эч ким айта элек. Бирок мен эртең менен барсам, кырсыктан кийинки кээ бир калдыктар калган экен. Ал калдык тоңуп калгандыктан, аны ысытып кээ бир жазууларды окудум. Андан кырсыкка кабылган унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң сантиметр куб экенин жана 2003-жылкы унаа экенин билдим. Бул жактагы маалыматтарга караганда, каза болгон жарандар унаа базарынан келе жатышкан.

Бирок ал жакка унаа сатканы же алганы барганы анык айтыла элек. Алар Өзгөн шаарына токтоп, бир чайханадан тамактанышкан экен. Андан келе жатып кырсыкка кабылыптыр. Каза болгондор Большевик айылынын тургундары дешүүдө. Бул маалыматтарды большевиктик тургун айтып берди. Бизге жеткен маалымат ушул", - деди Курманкулов.

Өзгөндө автокырсыктан 7 адам каза болду. Алар унаанын ичинде күйүп кеткен
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shabi
2020-02-03 12:24:49
Жакындарына сабыр.
+6
chake
2020-02-03 12:37:30
кырылып бүтмөй болдук го кырсыктан
+3
Nargiza1987k
2020-02-03 15:26:23
Аллахым озун сактай кор боодо кырсыктан.
+1
brentfo
2020-02-03 16:02:15
Ишине жооп бербегендер дин уусуда
0
tular
2020-02-03 17:46:24
Калп эле провозащитник болуп жүргөндөрдүн жыты жокко?! Жол кырсыгын көтөрүп чыккан бир дагы киши жок, Кыргыздар автокырсыктан эле кырылып калмай болдукго?
+2
Baku88
2020-02-03 21:26:06
tular, аларды эмне бироо атайы кырып атабы оздору да куноолу олушуно карабай ызгытып айдаган жаткан жерлери жайлуу болсун
+2
Adilet2014
2020-02-03 18:25:27
Эээ жараткан аллахым... Кыргызымды ушундай кырсыктардан сактай кор!!!
+1
Center
2020-02-03 23:11:30
Атың өчкүр арактын балееси, же жолдорду өтө таар кылып салган коррупциянын балееси, .ок курсактардын балееси. Ошол жолдорду бир жагына эки унаа кетчү линиядан жасашса мынчалык аравия көп болмок эмес, бул байкуштар да балким ошол ичке тар жолдо встречкадан келген унаадан качам деп барып сүзгөнда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан