Ош облусунун Кара-Суу районунда түндө жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болсо, дагы 4 жаран жаракат алды. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 10-сентябрга караган түнү саат 00:26да орун алган.
"Анда Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам (1995-жылы туулган) каза болуп, 4 эркек адам (төртөө тең1995-жылы туулган) жабыркаган.
Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди", - дешти басма сөз кызматынан.