Аламүдүн-1 кичи районунда маршруттук таксинин айдоочусу 75 жаштагы жөө адамды сүзүп кетти

Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда 75 жаштагы кемпирди жүргүнчү ташыган маршруттук унаа сүзүп кетти. Окуя бүгүн, 29-январда Көлбаев көчөсү менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Маалыматты Бишкек патрулдук милиция кызматынын маалымат катчысы кабарлайт.

"№251 багытындагы жүргүнчү ташыган маршрутканын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү тилкеден 1944-жылы туулган жаранды сүзүп кетти. Жабырлануучу алган жаракатынан улам жеринен каза болду", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан