ЖЭБ соту: Жактоочу соттук коллегиядагы Нурбек Эсеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат. Отурумдун башында жактоочу Нурбек Токтакунов соттук коллегиядагы Нурлан Кожомбердиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Кеңешүүдөн келген судья Ирина Воронцова жактоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнмөсүнөн баш тартты. Анда судья соттук коллегиядагы Нурлан Кожомбердиев жактоочу айткан ишке түздөн-түз тиешеси жок экенин айтты. Мындай чечимге нааразы болгон жактоочу соттук коллегиядагы Нурбек Эсеналиевге дагы ишенбөөчүлүк көрсөтүп, иштен баш тартуусун өтүнмө кылды. Айтымында, Эсеналиев ЖЭБ боюнча биринчи инстанциянын процесстеринде мамлекеттик айыптоочу катары катышкан. Жактоочу Эсеналиев шаардык сотто ишти калыс жана бейтарап карашына күмөн экенин билдирди. Кеңешүүдөн келген судья жактоочунун бул өтүнмөсүнөн дагы баш тартты.

Судья Ирина Воронцова жактоочунун келтирген өтүнмөсү сотторго карата гана колдонула турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2020-02-10 12:38:52
Сапар сары 111 млн доллар кана?
-9
chake
2020-02-10 12:42:34
Alimbek1000,Сапар ал акчага россияда Мурас деген клиника ачып азыр күркүрөп иштеп жатат
-9
chake
2020-02-10 12:41:33
ууру коррупционерлер ТЕЦ боюнча элдин мойнунда турган 111 млн доллар акчаны ордуна коюп койгула
-10
Jaznura
2020-02-10 12:42:50
Нурбек Токтакуновго да ушундай чара колдонсо болбойбу?
-12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан