ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурумга мажбурлап алып келинген Сапар Исаков сотторго нааразычылыгын айтты

Бүгүн, 28-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылып, соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын төрайымдыгынын алдында өттү.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө сот залына мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков дагы келди.

Ал буга чейин эмне үчүн сот залына кирбей жаткандыгынын себебин түшүндүрүп, күч органдары аны мажбурлап алып келгенин айтты. Исаков бул ишке көрсөтмө бериш керек болуп жаткан Хафизов менен Асанованы соттук отурумга бир айдан бери алып келе албай жатканына дагы токтолду.

Анын айтымында, Хафизов эсеп иштерин жүргүзүп, документтерге кол койгон болсо, Асанова жасалма документтерди жасаган.

Сот документ иштерине байланыштуу 30-октябрга саат 9:00гө жылдырылды.

Жактоочу: “Сапар Исаковду сотко мажбурлап алып келишти“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
chake
2019-10-28 19:01:37
Кытайда мындай коррупционерлерди ит аткандай эле атып салат 630доллар эмес 630 сомго ла албайм бир кычкачты
+3
sinej
2019-10-29 12:21:47
chake,
Биринчи Сооронбайга окшогондорду камаш керек. Сооронбайдан сөзүн кытайга айдап жибериш керек. Сооронбай нааразы болгондор коп. Жак
0
chake
2019-10-28 19:03:25
ТЕЦТЕН эптеп акталсын дейли Сапарды Тарых музейдин охранник отурчуу отургучту 100 000 сомго алгандыгы үчүн Куратормун деп жатты эле го ошол боюнча эмне дейт болду экен сары бала
+7
Jelezo
2019-10-28 19:09:17
Сапар Исаков буюмдарды сатып алган эмес да далили жок сот кантип соттойт байкуш бала эки дөө кармашса ортодо чымын өлөт болуп жатат да.
0
Mister-X
2019-10-28 20:39:05
Jelezo,Ошол эки доонун бири Исаков болуп жатпайбы
+1
Kyrgyz_bloger
2019-10-28 19:34:07
Эгемендуу алгандан берки баардык чиновниктердин баарын урдум биз онугорубузго ишенбей калдым Япония,Корея Америкага квота берсе кетиш керек,карызыбыз болсо коркутат аны ойлогон эч ким жок азыр акмактардын ойунун баары шайлоо.
+5
Kitep
2019-10-28 22:11:11
Бир күн бизде да кыргызстанды гүлдөткөн жаш президент жана анын тегерегине таза жигиттер келет деп үмүт кылалы!
Азыркы старик-политиктерден ишеним калбай калды
+3
altyn-kumush
2019-10-29 09:45:30
Күбөлөрдүн баары эле буларга каршы көрсөтмө берип жатат. 600 долларга кычкач алган "акылдуу " назданбай конвойдон чыксын.
-1
Bektur2011
2019-10-29 09:51:32
Сотторго АШАнын заманында Раиса өзү реформа жүргүзүп Манас Арабаевди шестерка кылганын баарыбыз билебизда баардык кадрлар Раисанын вкусуна жараша тандалган
-1
Absamat-90
2019-10-29 09:55:12
назданып жатып алса 14 мин евролук атына суйроп келмек .
0
Ernestinio
2019-10-29 09:56:46
эл айтсын Сапарга нараазычылыктарды, ага болгон ишеними кандай эле, ошонун баарын актай албай коррупцияга белчесинен батып канчалаган мекендин акчасын жеп алды
0
Losw1
2019-10-29 15:10:02
Бугун Бишкек ТЭЦ боюнча камалгандардын баапы куноолуу. Бирок соттор камалгандардын 2/3 уй камагына бошотуп жиберишти, жен ичинен пара алып. Бул дегени сотторго ишенич калбаганын билдирет...

Эгер акыйкаттыкты талап кылчу болсок, ТЭЦ иши боюнча камалгандардын катарына Сооронбай Жээнбековду, Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кенештин 5-чакырылышынын бардык депутаттары керек, Кытай менен макулдашууну, карыз алууну колдогондордун баары...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан