Бүгүн, 19-июнда саат 17:00гө мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын өздүк булагы билдирди.
Маалыматка ылайык, Темир Сариев УКМКга ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.