Валерий Кичин орусиялык клубдун кароосунда жүрөт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин Орусиянын "Торпедо" командасынын кароосунда жүрөт. Бул тууралуу аталган клуб социалдык баракчасына жазып чыкты.

Кичин 13-февралда командага кошулуп, бир нече машыгууларга катышканы жазылат. Буга чейин беларустук "Динамо Минск" командасы Валерий Кичин менен келишим токтотулганын билдирген.

Маалыматка ылайык, "Торпедо" командасы Орусиянын улуттук Футбол Лигасында ойнойт. Биринчи турдун жыйынтыгы менен бул команда "Ротор" командасынан 1 упай артта калып, экинчи орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан