Биз социалдык тармакта

"Кумтөр" кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо көлгө түшүп кетти

"Кумтөр" кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо көлгө түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-февралда болгон.

"Учурда издөө иштери улантылып, суучулдар тартылууда", - деди ӨКМдан.

Кошумча маалымат берилет.

Буга чейин "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жаткан. 10-январда 2 жумушчунун издөө иштери токтотулгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкен.

Ага ылайык, көчкү жүргөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери алардын жакындарынын жана компаниянын 2 тараптуу макулдашуусунун негизинде токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Chungyz
2020-02-16 09:43:13
алтын табылат озунорду урундурбай иштегиле
+4
chake
2020-02-16 10:44:35
техникалык коопсуздукту сактап иштеш керек
+2
dysha
2020-02-18 00:01:42
chake,ал жерде бир заматта кырсык болуп кетти да. коопсуздук бонча катуу эле окушат алар
0
Altyn2017
2020-02-16 12:20:40
Кумтөр компаниясына кылмыш ишин козгобойсунарбы шалаакылык беренеси менен или коопсуздук боюнчабы башка өлкө дө болгондо башкача кылмак бийлик а биздин бийлик олтурат укмаксан болуп а тиги эки байкуштун соогуда табылбады.
0
Baktyluumun98
2020-02-16 15:13:17
Жакшы киши эле, жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Apyn8793
2020-02-16 15:21:48
Биздин чондор мал да. Колдорунан ХХХХ да келбейт. Оз элине эле кыйын биздин чондор.
0
balzak
2020-02-17 09:33:40
Урматтуу Супер Инфонун кызматчылары, мамлекеттик тилдеги баш тамга менен жазылган сөздөрдү кыскартканда жакшыраак көңүл бөлсөнүздөр, "ӨКМнын"- эмес ӨКМдин же ӨКМнин, "ӨКМдан" эмес-ӨКМден, алдын ала рахмат!!!
0
Сезим Жумагулова
2020-02-17 10:24:53
balzak, Баш тамгаларынан кыскартылган сөздөргө кыскартылган тамганын айтылышына ылайык мүчө уланат. Кабарда ӨКМнын деп туура берилген. Мисалы, БУУга, КУУнун жана башка.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан