Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин "Торпедо" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. "Валерий Кичин учурда Орусиянын Улуттук лигасында ойногон легендарлуу "Торпедо" футболдук клубу менен келишим түздү. Келишим сезондун аягына чейин түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Валерий Кичин "Торпедо" клубунун кароосунда жүргөнү жазылган.