ЭЛДИК КАБАРга жооп: ӨКМ обсервацияда жаткандарга күндө өзгөртүлгөн меню менен эт кошулган тамактар берилип жатканын билдирди

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурмандын "ӨКМнын үч маал ысык самсы, ганфан берилип жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт" деген билдирүүсү чыккан. Анда ал обсервацияда жатып чыкканын айтып, андагы 3 маал берилген тамактардын сүрөттөрүн жөнөткөн.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүдөй жооп берди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ош шаарындагы обсервацияларда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш уюштурулуп, төмөнкүдөй меню менен берилип жатат. Мисалга, бүгүн 9-апрель күнү:

Эртең менен – буурчак шорпо эти менен, нан, каймак майы, чай, кант;

Түшкү тамакка – салат, күрүч шорпосу эти менен, перловка шорпосу эти менен, нан жана чай;

Кечки тамакка – рагу эти менен, нан, каймак майы жана чай берилди.

Эскерте кетсек, аталган меню күн сайын өзгөрүлүп турат", - деп жазылат ӨКМнын жообунда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
maks992
2020-04-09 21:17:17
силер айткандай болуп жетип барбайтда жегичтер бүт эле жерде бар
+1
katerina.li
2020-04-09 21:24:13
Чындыкка дал келбейт деген созду жадыбалдай жаттап ала Турган болдук го
+5
katerina.li
2020-04-09 21:39:41
Баягы "шашлык алып кел,котлет алып кел" деген аял бекеринен чырылдабаса керек деп калдым,тамактарын коруп
+4
Gulya78
2020-04-09 21:50:24
Ушунчалыгына шүгүр,анан эмне менен багыш керек эле
+5
amanura
2020-04-09 22:32:53
Gulya78,Сиз озунуз болбодунузда эже,булардын жообундагы суроту оздоруно кылган тамак болуш керек. Коруп келдик го,чынында аябай начар.
0
aiza.kyrgyzkyz
2020-04-09 22:44:36
Начар, тиги бул деп тамактан айып тапканча Аллага тообо кылгыла ушунчалыгына деп. Сабырдуулук да суннот. Ата Бабаларыбыз бир нан менен кечке кун откоруп 1941 жылдары согушта жургон. Ага караганда кудайга мин мертебе шугур...
+3
Dani
2020-04-09 23:35:34
aiza.kyrgyzkyz,туура шугур кылыш керек
+1
Aimani
2020-04-10 00:59:31
Пейилинерди оңдоп, шүгүр кылгылачы. Мамлекеттин акыбалын көрүп туруп наалый бересинер.
+1
nnn.sss
2020-04-10 23:19:35
Aimani,туура айтасыз, Мамлекетибиз жарды болсо кимге каяктан таап жеткирсин, жакпаса уйлорунон алдырып жешсин курортто жаткансыбай,курортко деле акча толоп путевка аласын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан